Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:46

Балык чарбачылыгы боюнча илимий лаборатория ачылат


Бүгүн Бишкекте Улуттук илимдер академиясында балык уулоо жана балык чарбачылыгы боюнча илимий лаборатория ачылат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Кымбатбек Мусаев “Азаттыкка” билдирди.

Кыргызстанда эгемен алган жылдары балык чарбалар жакшы каралбай калган. Эл да тамак-ашка балыкты өтө аз колдонот.

Тоң районундагы ири балык чарба азыр 1 миллионго жетпеген форель өндүрөт, мурун союз маалында 12 миллионго жакын болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG