Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

“Ак тилек” өтмө бекети 16-апрелде ачылат


Чүй облусундагы кыргыз-казак чек арасындагы “Ак тилек” өтмө бекети 16-апрелде ачылат. Бул тууралуу Чек ара кызматынын төрага орун басары Таалайбек Адашпасов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, казак тарап Ысык-Көлдөгү "Каркыра" өтмө бекетин ачууну караштырып жатат, ал эми Таластагы "Кичи-Капка" бекети боюнча маселе дагы эле талкууланууда.

Ырасмий Астана 2010-жылы Кыргызстандагы коогалуу окуялардан кийин кыргыз тараптагы чек арасын жаап, алты өтмө бекетин бекитип алган. Азыр Чүйдөгү “Ак жол” менен “Чалдабар” бекеттери гана ачык турат. (EBM)

XS
SM
MD
LG