Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:35

Бишкек: Жол кирени 2-3 сомго көтөрүү сунушталды


Бишкекте шаар бийлигине караштуу эл ташуучу унаада жол акысын жогорулатуу сунушу айтылды. Шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Заитбек Назыранкуловдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, троллейбуста жана автобуста жол киренин баасын 8 сом, ал эми маршруттук таксиде 10 сом кылуу сунушталды. Эгер монополияга каршы мекеме уруксат берсе бул маселе шаардык кеңеште каралат. Депутаттар макул болсо жол кире кымбаттайт.

Азыр троллейбуста жол кире 5 сом, автобуста 6 сом, ал эми маршруттук таксиде 8 сом.

Назыранкуловдун айтымында, кара майдын кымбатташы, инфляциянын жогорулашы, унааны тейлөөгө, тетик сатып алууга кеткен чыгымдардын көп болуп жана айдоочулардын айлык акысы төмөн болуп жатканы жол кирени кымбаттатууга себеп болууда. (ZKo/RK)

XS
SM
MD
LG