Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

Прокурор Садыркуловдун сотун жабык өткөрүүнү сунуш кылды


Мурдагы президент Бакиевдин администрациясынын жетекчиси, маркум Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча сот жабык өтүшү керек, себеби териштирүү учурунда айрым жашыруун документтер каралат. Бул тууралуу ушу тапта Бишкекте өтүп жаткан сот жыйынында мамлекеттик айыптоочу айтты. Бирок айыпталуучулардын адвокаттары сот жараяны ачык өтүшүн талап кылышты. Судья бул сунуштар боюнча чечимин бир аздан кийин жарыяламай болууда.

Садыркуловдун өлүмү боюнча жаңыдан козголгон кылмыш ишин Ички иштер министрлиги тергеп, Аскер сотуна өткөрүп берген. Соттолуучулардын көпчүлүгү аскер адамдары болгондуктан ишти Аскер соту карай баштады. Бул иш боюнча соттук териштирүү ар аптанын бейшемби жана жума күндөрү өтмөй болууда.

2009-жылы мартта Казакстанга барып, кайтып келаткан Медет Садыркуловдун, айдоочусу Кубат Сулаймановдун жана Стратегиялык изилдөөлөр институтунун жетекчиси Сергей Слепченконун күйгөн сөөктөрү Бишкектин тоо этегиндеги Кой-Таш айылына жакын жол боюнан табылган.

Учурунда бул жол кырсыгы деп аталып, бир киши кесилген. Бирок былтыр Ички иштер министрлиги кайрадан кылмыш ишин козгоп, айыпталуучулардын арасында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиев жана дагы бир топ киши бар экенин айткан. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG