Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

Пенсионердин өз жанын өзү кыйуусу Грекияда тополоң жаратты


Түнкү кагылышуу. Афина, 4-апрель, 2012-жыл.
Түнкү кагылышуу. Афина, 4-апрель, 2012-жыл.
77 жаштагы пенсионер Афинанын борбордук аянтында кечээ өзүн-өзү башка аткан. Полициянын айтымында, маркумдун чөнтөгүнөн колго жазылган кат табылган.

Маалымат каражаттары пенсионер өкмөттүн үнөмдөө боюнча катаал чараларынан кийин кабылган кыйынчылыктардан улам өз жанын өзү кыйганын ишара кылышууда.

Бул окуянын артынан түндө парламент имаратынын сыртында таш жана күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргыткан демонстранттарды таратуу үчүн полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Жаракат алгандар тууралуу маалымат түшкөн жок.

Грекиянын лидерлери шаршембидеги окуяга өкүнүч билдирип, бирок пенсионердин жанкечтилиги саясатташтырылбоосу керектигин белгилешти.

Карызга баткан бул өлкөнүн өкмөтү үнөмдөө чараларына, анын ичинде пенсияларды азайтууга Грекияны банкроттуктан жана экономикалык кыйроодон сактоо үчүн барган. (UE)

XS
SM
MD
LG