Биздин өлкөлөр Бирдиктүү экономикалык аймакка кирип, жарандардын алдында чек ара, бажы бекеттери болбошу үчүн аракет жасашыбыз керек. Мындай оюн бүгүн Бишкекте Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен кезиккен кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев билдирди. Орусия Кыргызстандын стратегиялык шериги экенин айтты.
Атамбаев ошондой эле ЕврАзЭШ, Бажы биримдиги жана Бирдиктүү экономикалык аймакка мүчө болуу Кыргызстан элинин кызыкчылыгына, эки тараптуу кызматташтыктын келечек максаттарына дал келээрин баса белгиледи. Маданий-гуманитардык мамилелерди да бекемдөө керек экени айтылды. Быйыл Орусияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтмөй болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. (RK)