Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:58

Садыркуловдун өлүмү боюнча сот ачык өтөт


Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча сот ачык өтөт. Бирок жашыруун документтер каралган учурда жыйын жабык болот. Мындай чечим сотто бүгүн кабыл алынды.

Мурдагы президент Бакиевдин администрациясынын жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча сот иши Аскер сотунда карала баштады. Тергөө учурунда айып 23 кишиге коюлган. Алардын арасында мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын уулу Максим Бакиев, бир тууганы Жаныш Бакиев бар. Алар боюнча соттук териштирүү өзүнчө өтмөй болду. Учурда соттолуп жаткан он кишинин тогузу камакта, бирөө - Замир Модошев үй камагында.

Садыркуловдун өлүмү боюнча жаңыдан козголгон кылмыш ишин Ички иштер министрлиги тергеп, Аскер сотуна өткөрүп берген. Соттолуучулардын көпчүлүгү аскер адамдары болгондуктан ишти Аскер соту карап жатат.

2009-жылы мартта Казакстанга барып, кайтып келаткан Медет Садыркуловдун, айдоочусу Кубат Сулаймановдун жана Стратегиялык изилдөөлөр институтунун жетекчиси Сергей Слепченконун күйгөн сөөктөрү Бишкектин тоо этегиндеги Кой-Таш айылына жакын жол боюнан табылган.

Учурунда бул окуя жол кырсыгы деп аталып, бир киши кесилген. Бирок былтыр Ички иштер министрлиги кайрадан кылмыш ишин козгоп, Садыркуловду Жаныш Бакиев өлтүрткөнүн айтып чыккан. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG