Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:34

ИИМ үй-бүлөдө зомбулук көрсөткөндөрдү беш сутка камоону сунуштады


Мындай түзөтүү Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекске киргизүлүүсү керек. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун бүгүн парламент отурумунда айтканына караганда, учурдагы мыйзам боюнча үй-бүлөдө ыдык көрсөткөндөргө негизинен айып салынат.

Бирок зордук-зомбулук орун алган үй-бүлөлөрдүн көбү каржылык жактан оор абалда тургандыктан бул чара натыйжасыз болууда.

Парламенттеги талкуу учурунда Социал-демократтар партиясынан депутат Ыргал Кыдыралиева аялдар укугун коомдук жайларда бузгандар үчүн да чара кароону сунуш кылды.

Ички иштер министрлигиннин маалыматы боюнча, өткөн жылы үй-бүлө чыр-чатагы боюнча 8,5 миңге жакын кайрылуу түшсө, анын 2 миң 272 фактысы үй-бүлөдөгү зомбулук иретинде катталган.

Мындан өткөн жылы 22 киши каза тапкан. Үй-бүлө зомбулугуна эркектер күнөөкөр делген 1721 учур катталса, кыз-келиндер арасындагы фактылар 77ни түзгөн. (UE)

XS
SM
MD
LG