Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:34

“Новая газета” басылмасынын журналистин белгисиз бирөөлөр сабап кетишти


Russia – Elena Milashina, observer of “Novaya gazeta” newspaper, Moscow studio, 11Sep2008
Russia – Elena Milashina, observer of “Novaya gazeta” newspaper, Moscow studio, 11Sep2008
Бейшембиге караган түнү Москвада журналист Елена Милашинага белгисиз бирөөлөр көчөдө кол салышкан. Журналист жана анын жанында бараткан досун катуу сабап, тоноп кетишкенин Милашина өзү “Фэйсбук” социалдык түйүнүндөгү баракчасында кабарлады. Жергиликтүү полиция “талап-тоноо” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогонун билдирди.

Ал соңку кездери баңги зат аткезчилигине байланыштуу системаны иликтеп жүргөнүн билдирип, кол салуу өзүнүн ишмердиги менен байланыштуу экенин да жокко чыгарбасын айтты.

Елена Милашина өлкөдөгү адам укуктарынын бузулушу тууралуу жазган макалалары үчүн 2009-жылы Human Rights Watch уюмунун сыйлыгын алган. 2006-жылы ушул эле “Новая газета” басылмасынын адам укуктары жөнүндө жазган башка бир белгилүү журналисти Анна Политковскаяны үйүнө кире бериште атып кетишкен эле.

XS
SM
MD
LG