Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:29

ЖККУ: Министрлер тышкы коркунучтардын алдын алууну талкуулайт


Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бүгүн Казакстандын борбору Астана шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышат. ТИМден кабарлашкандай, анда тышкы коркунучтар жана алардын алдын алуу, аймактагы стабилдүүлүк маселелери талкууланат.

ЖККУга жети мамлекет: Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Орусия, Армения жана Беларус мүчө. Уюмдун түзүлгөнүнө быйыл 10 жыл толду. (EBM)

XS
SM
MD
LG