Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:22

Шадиев министрлик кызматына кайра келди


Өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиевдин кызматтык милдеттерин аткарууга киришүүсүн буйруду.

Уулуу көмүр боюнча февралда түзүлгөн депутаттык комиссия өз тыянагын 4-апрелде парламентте жарыялап, Аскарбек Шадиевдин күнөөсү жок деп билдирген. Уулуу көмүрдүн чек арадан өтүп кетиши боюнча бажы жана темир жолдун төрт кызматкерине Башкы прокуратура тарабынан иш козголгон болчу.

Башкы прокуратура феврал айында Аскарбек Шадиевге, анын орун басары Кайрат Жумалиевге да уулуу көмүр боюнча кылмыш ишин козгоп, "кызматын кыянат пайдаланган" деп билдирген. Буга байланыштуу министр Шадиев убактылуу кызматынан четтетилген, бирок күнөөсү жоктугун билдирип келаткан.

Былтыр күзүндө Казакстандын Кулан кенинен Кыргызстанга ташылып келген көмүрдүн радиациялык фону ченден 8-10 эсе көп экени аныкталган. Учурда бул көмүрдү кайра Казакстанга жеткирүү иштери жүрүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG