Президенттин маалымат кызматы 7-апрелде Апрел окуясынын эки жылдыгына карата мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин катышуусу менен өтө турган иш-чаралар тууралуу жарыялады. 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин борбордук аянтында алгачкы кан төгүлгөн жердин ордуна монумент ачылат. Ал 2002-жылдагы Аксы окуясында жана 2010-жылдагы Апрел окуясында курман болгондордун элесине арналат. Ошондой эле эртең "Ата-Бейитте" көмүлгөндөрдүн арбагына багышталып куран окулат. (RK)