Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча сот качан уланаары белгисиз. Бүгүн айыпталуучулардын бири, Жаныш Бакиевдин мурдагы айдоочусу Алтынбек Амракуловдун адвокаттары ага карата соттук куугунтукту токтотуу тууралуу арызын канааттандырбай койгон Бишкек шаардык Аскер Сотунун чечими боюнча республикалык Аскер Сотуна кайрылды. Соттук териштирүү ал жактан чечим чыккандан кийин гана уланат.
Мурдагы президент Бакиевдин администрациясынын жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча сот иши Аскер сотунда ушул аптада карала баштады. Тергөө учурунда айып 23 кишиге коюлган. Алардын арасында мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын уулу Максим Бакиев, бир тууганы Жаныш Бакиев бар. Алар боюнча соттук териштирүү өзүнчө өтмөй болду. Учурда соттолуп жаткан он кишинин тогузу камакта, бирөө - Замир Модошев үй камагында.
Садыркуловдун өлүмү боюнча жаңыдан козголгон кылмыш ишин Ички иштер министрлиги тергеп, Аскер сотуна өткөрүп берген. Соттолуучулардын көпчүлүгү аскер адамдары болгондуктан ишти Аскер соту карап жатат.
2009-жылы мартта Казакстанга барып, кайтып келаткан Медет Садыркуловдун, айдоочусу Кубат Сулаймановдун жана Стратегиялык изилдөөлөр институтунун жетекчиси Сергей Слепченконун күйгөн сөөктөрү Бишкектин тоо этегиндеги Кой-Таш айылына жакын жол боюнан табылган.
Учурунда бул окуя жол кырсыгы деп аталып, бир киши кесилген. Бирок былтыр Ички иштер министрлиги кайрадан кылмыш ишин козгоп, Садыркуловду Жаныш Бакиев өлтүрткөнүн айтып чыккан. (RK)