Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:29

Байзаков кызматынан алынды


Жаза аткаруу кызматынын башчысы Шейшенбек Байзаков кызматынан алынды. Анын ордуна Аликбек Мамыркулов дайындалды. Буга чейин Мамыркулов кыргыз өкмөтүнүн аппаратында коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар боюнча бөлүм башчысынын орун басары болуп иштеп жаткан. Байзаковду бүгүн өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов өзү кабыл алып, абак системасында түп-тамырынан бери реформа жүргүзүш керек экенин айтты.

Мен сизди, сиздин аракеттериңизди дайыма колдоп келгем. Бирок жазасын алып жаткан Акмат Бакиевдин качып кетиши бул тармакта өзгөрүүлөр керек экенин көрсөттү. Бул окуядан кийин сиз өзүңүз деле бул кызматта өзүңүздү ыңгайлуу сезе албайсыз го", - деди Бабанов.

Быйыл январда Бишкектеги №1 тергөө абагында болгон тополоңдон кийин Жогорку Кеңештеги депутаттардын көпчүлүгү Байзаковдун кетишин талап кылышкан. Бирок ошол кезде Бабанов Байзаковду Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси кызматына расмий бекитип койгон.

Жакында бул маселени депутаттар кайра көтөргөндө өкмөттүн парламенттеги өкүлү Динара Молдошева "Шейшенбек Байзаков азыр дарыланып жатат, утурумдуу эмгекке жарамдуу эместик баракчасынан негизинде ишке чыга элек, андыктан аны кызматтан алуу маселесин кароо мүмкүн эмес" деп айткан болчу.

2010-жылдагы башаламандыктар боюнча айыпталып, жети жылга эркинен ажыратылган Акмат Бакиев ушул жылдын башында жатак абагына которулган. Андан соң ден-соолугу начарлап кетти деген жүйөө менен ооруканага жаткырылган болчу. №35 жатак абагынында мөөнөтүн өтөөгө милдеттендирилген. Бирок 6-февралдан тарта дарыланып жаткан «КафМедЦентрПлюс» клиникасынан качып кеткен. Бакиев жатак абагындагы 2 жыл 6 айлык мөөнөтүн өтөп бүтпөй калган. Учурда аны издөө уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG