АКШнын Вайоминт штатындагы Буфорд шаарчасы 900 миң долларга вьетнамдык жаранга сатылды. Шаардын мэри, ээси жана тургуну жалгыз Дон Саммонс болчу. Буфордун жаңы кожоюну үч бөлмөлүү үйгө, гаражга, күркөгө, сарайга, дүкөнгө, 1905-жылы курулган мектепке, 4 гектар жерге ээ болду. Чоң кан жолдун боюндагы шаарча аркылуу 100 жыл мурда транс-континенталдык темир жол да өтчү. Ал кезде Буфордо 2 миңдей эл жашаган. Темир жол жабылгандан кийин эл көчүп кете баштаган. Буфордду сатуу боюнча бейшемби күнү өткөн Интернет аукционго 25 кардар катышты.