Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:31

Сирия армиясы жапырыгын токтото элек


Сирия армиясы жума күнү Дамасктын чет жакаларында жана өлкөнүн башка бөлүктөрүндө козголоңчуларга каршы жортуулун улантып жатканын оппозиция активисттери билдиришти.

БУУ жана Араб лигасынын Сирия боюнча чабарманы Кофи Аннан бейшемби күнү БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөп, Сирияда кагылышуулар жөнүндөгү соңку маалыматтарга тынчсызданганын айтты.

БУУнун эсеби боюнча, былтыр мартта президент Башар Асаддын режимине каршы козголуш башталгандан берки кагылыштарда 9 миңден ашуун адамдын каны төгүлдү.

XS
SM
MD
LG