Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:01

Апрел ыңкылабынын эки жылдыгы белгиленүүдө


Бүгүн 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин борбордук аянтында алгачкы кан төгүлгөн жердин ордуна монумент ачылат. Ал Апрел окуясында жана 2002-жылы Аксыдагы кан төгүүдө набыт болгондордун элесине арналат. Ошондой эле "Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде набыт болгондорго куран окутулат. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул иш-чараларга өлкө башчысы баштаган бийлик өкүлдөрү катышмакчы.

Мындан эки жыл мурда 7-апрелде Бишкекте ошол учурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы элдик толкундоолор өткөн. Толкундоолорго Нарында феврал айында из салынган.

6-апрелде Талас шаарында бийлик куулуп, ал эми 7-апрел таңында Бишкекте оппозициянын бир катар лидерлери камакка алынган. “Форум” ишканасынын жанында башталган козголоңду басууга келген күч түзүмдөрүнүн курал-жарактары эл колуна өткөн.

Андан соң Ак үйдүн жанында миңдеген демонстранттар чогулуп, Өкмөт үйүнө кирүүгө аракет жасалган маалда элге ок атылып, андан 87 адам набыт болуп, жалпысынан бир жарым миңге чукул киши жабыркаган. Кандуу окуядан соң эки жыл ичинде жараат алган 20га жакын киши көз жумган. Ошол күнү президент Курманбек Бакиев Жалал-Абадга качып, кийин Беларуска кетүүгө аргаcыз болгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG