Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Кара-Суу шаар мэринин орун басары пара бергени үчүн кармалды


ИИМдин уюшма кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөш башкармасы тарабынан Кара-Суу шаарынын мэринин мурдагы орун басары пара бергени үчүн кармалды. ИИМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, Ош милициясынын кызматкерлери аталган кызматкердин ишин текшерүүдө бир катар мыйзам бузуулар ачыкка чыккан.

Шаар башчысынын орун басары бул мыйзам бузууларды бүткөрүүнү суранып, милиция кызматкерлерине 10 миң сом өлчөмүндө пара сунуштаган. Учурда Ош шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмү тарабынан пара берүү фактысынын негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө баштады. (BkA)

XS
SM
MD
LG