Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Бишкекте Апрел курмандыктарына эстелик ачылды


Бишкектин Ала-Тоо аянтында Апрел ыңкылабынын курмандыктары эскерүү аземи өтүп жатат. Анда 2010-жылдагы Апрел окуясында жана 2002-жылы Аксыдагы кан төгүүдө курман болгондордун элесине арналган монумент Борбордук аянтында алгачкы кан төгүлгөн жерде ачылды. Аза күтүү мүнөтү жарыяланып, каза болгондорго багышталып куран окулду.

Эстеликти ачуу аземинде сөз сүйлөгөн президент Алмазбек Атамбаев кандуу окуяларынын күнөөлүүлөрү жазаланаарына убада берип, аларды эркиндикке башын сайган баатырлар деп атады.

Ошондой эле Апрел окуяларынын катышуучуларынан түзүлгөн “Мекен Шейиттери”, “Айкөл Ала-Тоо” уюмдарынын өкүлдөрү сөз сүйлөп, ыңкылаптын чыныгы максаттары орундала электигин билдиришти.

Түштөн кийин "Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде набыт болгондорго куран окутулат. (BkA)

XS
SM
MD
LG