Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:18

Ирандык депутат Тегеран ядролук курал чыгарууга күчү жетээрин айтты


Таасирдүү парламентарий Голямреза Месбахи Могхадам Иран байытылган уранды оңой эле алаарын, ядролук курал жасоого зарыл болгон илимий базасы бардыгын айтып чыкты. Бирок депутат “мындай ишке баруу Тегерандын кызыкчылыгына жатпайт” деп билдирүү менен бул өзүнүн жеке көз карашы экендигин ачыктайт.
Associated Press агенттиги Могхадам Ирандагы расмий адамдардан алгачкы болуп Тегерандын ядролук курал жасоого дарамети жетээрин айткан саясатчы экендигин белгилейт.

Иран бийликтери болсо Батыштын Тегеран ядролук курал жасоо аракетин көрүүдө деген шектенүүлөрүн четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG