Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Түркмөнстандан америкалык 6 волонтер чыгып кетти


Түркмөн бийликтери бул өлкөдө 2 жылдан бери иштеп жүргөн 6 ыктыярчынын визасын узартуудан баш тарткандыгын Ашгабаддагы АКШ элчилигинин өкүлү билдирди. Учурда Түркмөнстандын 5 облусунда 18 америкалык волонтер жүргөнүн Eurasianet агенттиги билдирет.

Соңку жылдары америкалык жарандарга түркмөн визасын алуу өтө татаалдашканы дагы белгиленет.

Өткөн жылы Казакстан Тынчтык корпусунун волонтерлор программасын өлкөдө демократия жетиштүү деңгээлде деген негизде жапкан. Орусия болсо америкалык волонтерлорду кабыл алууну 2002-жылы эле токтоткон. Өзбекстан 2005-жылдагы Анжиян окуясынан кийин ыктыярчылардын баарын кууп чыккан. Тажикстан бул программага кошулган эмес. Кыргызстанга америкалык ыктыярчылар 1993-жылдан бери келе баштаган. Быйыл келген 41 америкалык улан-кыз өлкөнүн ар кайсы облустарында иштеп жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG