Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:37

Сирияда ондогон адамдар өлгөнү кабарланууда


Укук коргоочу активисттер ишембиде өкмөттүк армия Хама шаарына жакын Латамна шаарына кол салып, ондогон адамдар набыт болгонун билдирет. Сириядагы Адам укуктарын байкоочу уюмдун билдиргенине караганда, набыт болгон 80 кишинин 50дөн ашууну жайкын тургундар. Хомс жана Идлиб провиницияларында согуш уланууда.
10-апрелде Сириядагы чоң шаарлардан аскерий күчтөрдү алып чыгуунун мөөнөтү аяктайт. 12-апрелде болсо толугу менен ок атышуу токтотолушу керек. Мындай милдеттемени Сириянын бийлиги өз мойнуна алган. Эгер бул шатрттар аткарылбаса, оппозиция бийлик менен элдешүүгө барбайт. Ошондой эле оппозиция өкмөттүк армия 10-апрелге чейин бийликке каршы турган негизги күчтөрдүн борборун жок кылууну көздөп жатканын айтууда.

XS
SM
MD
LG