Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:04

Йеменде Салехтин жактоочулары аэропортко чабуул коюшту


Мурдагы президент Али Абдулла Салехтин жактоочулары баш калаа Санадагы аэропортту жаап, аба каттамдарын токтотуу талабын коюшту. Салехти колдогон уруулардын өкүлдөрү аэропортко барчу жолду тосуп, диспетчерлердин мунарасын талкалай атышты. Жабыр тарткандар тууралуу азырынча маалымат жок.

Йемендин жаңы президенти Абед Рабо Мансур Хади мурдагы президент Салехке жакын жогорку кызматты ээлеген бир катар аткминерлер менен аскер жетекчилерин кызматтан алгандан кийин нааразылык толкуну чыкты.

Йеменди 30 жылдан ашуун башкарган Салех ушул жыл башында массалык толкундоолордун аркасында кызматтан кеткен. Бир катар байкоочулардын айтымында, мурдагы президент бийликтен кеткени менен дагы деле таасирин жогото элек.

XS
SM
MD
LG