Бул тууралуу Ош шаарындагы аймактык шайлоо комиссиясынын катчысы Саадат Маматалиева «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, шайлоонун жыйынтыктары боюнча соттук териштирүү уланып жаткандыктан мандаттарды тапшыруу кийинкиге жылдырылууда. Буга чейин «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясы шайлоо учурундагы мыйзам бузуулардан улам БШКнын Оштогу шайлоонун жыйынтыктары боюнча чечимин жокко чыгаруу талабы менен сотко кайрылган.
Ош шаардык кеңешине 4-мартта өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча 45 депутаттык орундун 21и Ош мэри Мелис Мырзакматовго таандык делген «Улуттар биримдиги» партиясына, 11и социал-демократтарга, сегизи "Республика" жана экөө "Адилеттүү Кыргызстан" партияларына тийген. "Ата Мекен", "Замандаш-Современник" жана Элдик-демократиялык партиялар бирден мандатка ээ болушкан. «Улуттар биримдиги» партиясы көбүрөөк депутаттык орунга ээ болмокпуз деп нааразылык билдирип чыгышкан. (KKs)