Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:41

10-апрелге карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
9-12-апрелде жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү болот жана жолдордо муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жолго чыккан унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо керек.

10-12-апрелде республиканын тоо этектеринде нөшөрлүү жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

Аба ырайы
10-апрелде Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас жана Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолордо кар түшөт. Тоолуу жерлерде жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 17...22,
Талас облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 16...21,
Баткенде түнкүсүн 7...12, күндүз 17..22 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8...13, күндүз 19...24,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...5 градус, күндүз 10...15
Нарында түнкүсүн -2...+3, күндүз 11..16,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -4..-9, күндүз -1...+4,
Тоолордо түнкүсүн -7...-12, ал эми күндүз -3..+2 болот.

Бишкекте дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 7...9 градус жылуу, күндүз 18...20 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG