Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:42

Казакстандык "телефон террорчусуна" Кыргызстанга кирүүгө тыюу салынды


Казакстандын жараны, 32 жаштагы А.Жетыбаевдин мындан ары Кыргызстанга келүүгө акысы жок. Мындай чечим анын "телефон террорчулук" иши үчүн кабыл алынганын бүгүн Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Жетыбаев 2011-жылдын 30-апрелинде "Ош аэропортунда жардыруу болгон жатат" деп телефон чалып, жалган маалымат тараткан.

Былтыртан бери чекисттер алты "телефон террорчусун" аныкташты. Алардын бирөө бир жылга эркинен ажырап, бирөө учурда тергөө абагында жатат, калгандарына айыппул салынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Кыргыз мыйзамдары боюнча, "телефон террорчулугу" үчүн соттон кылмышкер делген киши айыппул төлөшү же үч жылга чейин эркинен ажыратылышы керек. (RK)

XS
SM
MD
LG