Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

Бишкектеги уу көмүр кайра Казакстанга жөнөтүлүп бүтөт


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун билдиргенине караганда, бүгүн таңга жуук 11 вагонго жүктөлгөн 723 тонна радиоактивдүү көмүр Бишкек-1 темир жол станциясына жөнөтүлдү. Ошону менен былтыр Бишкекке Казакстандын Кулан кенинен ташылып келген 7,5 миң тоннадай уу көмүрдүн баары кайра жөнөтүлүп бүтөт. Мындан тышкары бир тоннага жакын уу көмүр ошол эле Куландан Чүйдүн айрым мектептерине жана карылар үйүнө тараганы айтылган. Анын бир бөлүгү жагылып кеткен. Уу көмүр боюнча кылмыш иш козголуп, сотто каралууда. (RK)

XS
SM
MD
LG