Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:04

Мобилдик байланыш кымбатташы мүмкүн


Кыргызстанда мобилдик байланыш тарифтери 20 пайызга кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында "Интернет-саясат жарандык демилгеси" уюмунун жетекчиси Таттуу Мамбеталиева билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн 23-марттагы токтому менен сатууга салык 5 пайызга чейин көбөйүүдө. Мындан тышкары, парламентте эки окууда өткөн мыйзам долбоору кабыл алынса роумингге, интерконнектке жана эл аралык транзит трафигине кошумча нарк салыгы кирет. (RK)

XS
SM
MD
LG