Египеттин коопсуздук кызматынын мурдакы башчысы, президенттикке ат салышканы жаткан Омар Сулейман аны армия колдобогонун өкмөттүк “ал-Акбар” гезитине бүгүн басылган интервьюда билдирди. 74 жаштагы Сулейман жума күнү президенттик шайлоого катышарын жана эки күндө зарыл болгон 30 миңден эки эсе көп кол топтогонун билдирген. Талдоочулар Омар Сулейманды бийликтеги Аскерий Кеңеш колдойт деп боолгоп жаткан. 30 жыл Египетти башкарган Мубарак бийлигин акыркы күндөрү Сулайманды вице-президент кылып дайындаган. Ошондуктан аны көпчүлүк Мубарактын режиминин символу катары көрөт.