Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

Иран Р5+1 сүйлөшүүсү Cтамбулда өткөнүнө макул


Тегеран талаштуу ядролук программасы боюнча Р5+1 сүйлөшүүсү 14-апрелде Cтамбулда өтүүсүнө макулдук берди. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү АКШ, Британия, Россия, Кытай, Франция + Германия жана Иран ортосундагы сүйлөшүүдө Тегерандын ядролук ишмердүүлүгү талкууланат. Иран адегенде сүйлөшүү Cтамбулда өткөнүнө макул деп бирок кийин Анкара Сирия оппозициясын колдогонуна шылтап, кездешүү Багдадда болсун деп чыккан. Анын алдында АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон сүйлөшүү Түркияда болорун билдирген эле.

Бүгүн Ирандын Жогорку Коопсуздук Кеңеши жасаган билдирүүдө сүйлөшүүнүн биринчи айлампасы 14-апрелде Cтамбулда өтсүн, эгер кездешүү ийгиликтүү аяктаса, экинчи айлампасы кийин Багдадда болсун деп көрсөтүлөт.

XS
SM
MD
LG