Казакстанда былтыр ноябрда Таразда болгон кол салууларга байланыштуу беш адам соттолду. 12-ноябрда жанкечти жардырган бомбадан жабык өткөн сотто террорчул топтун уюштуруучусу жана анабашы деп айтылган Бакытжан Жапаров өмүр бою абакка кесилди. Калган төрт айыпкер беш жылдан 25 жылга чейин эркинен ажыратылды. Жапаров жана анын шериктери мусулман экстремисти деп шектелген Максат Карыевди чабуулга шыктандырган деп табылды.
Карыев былтыр 12-ноябрда курал-жарак саткан дүкөндөн курал уурдап, эки адамды жана беш полициячыны атып өлтүргөн соң өзүн гранат менен жардырып жиберген.
Карыев былтыр 12-ноябрда курал-жарак саткан дүкөндөн курал уурдап, эки адамды жана беш полициячыны атып өлтүргөн соң өзүн гранат менен жардырып жиберген.