Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:03

АКШ жана БУУ Сирияны катуу айыптады


Сирия чек арасынан Түркия аймагына качып өтүүгө аракет кылган качкындарга Сирия аскерлери ок чыгарып, эки сириялык жаран мерт болду, жарадар болгондордун саны 19. Өлгөндөрдүн катарында Ливан телекомпаниясынын журналисти да бар. АКШ мамдепартаменитин өкүлү Виктория Нуланд бул окуя Сирия президенти Башар Асаддын БУУ жана Араб өлкөлөрүнүн атайын чабарманы Кофи Аннан тарабынан сунушталган кырдаалды тынчтык жол менен жайгаруу планын аткарууга көңүлү жок экенин далилдейт деп сындады. Дамаск кабыл алган ал план боюнча Сирия бийлиги согуштук шаарлардан бүгүн аскерлерин жана курал-жарактарын алып чыгып кетиши керек. Сирия активисттери жана укук коргоочулар тынчтык планын аткарууга президент Асаддын аракеттери таптакыр байкалбай жатканын айтышууда. Активисттердин айтымында, мисалы кечээ бир эле күндө кагылышта өлгөндөрдүн саны 150гө жетти.

XS
SM
MD
LG