Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

Өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажырагандар жөнүндө фотоальбом чыгат


Белгилүү италиялык фотосүрөтчү, Фотосүрөчүлөр эл аралык ассоциациясынын мүчөсү Алессандро Скотти Кыргызстанда өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажырагандардын жашоо-шарты жөнүндө баяндаган фотосессия уюштурду. Бул тууралуу бүгүн Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты. Сүрөттөр кийин өзүнчө альбомго чогултулуп, балким, көргөзмөгө коюлат. Долбоор Евробиримдик менен БУУнун жардамы аркылуу Кыргызстандагы абак системасын реформалоо программасынын алкагында ишке ашууда.

Соттун чечими менен өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган 257 адам учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта жатат.

Кыргызстанда өлүм жазасы жок. Мыйзам боюнча, эң оор кылмыш жасагандар өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажырайт. Мында жаза аялдарга, 18 жашка чейинкилерге жана 60тан ашкан эркектерге карата колдонулбайт. (RK)

XS
SM
MD
LG