Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:43

Жалал-Абадда оппозициянын митинги башталганы жатат


Ушу тапта Жалал-Абад шаарында оппозициянын митинги башталганы жатат. Кабарчыбыздын билдиргенине караганда, митинг өзү саат 11де башталат, ага чейин аянтта чогулган эл алдында облустук филармония артисттери концерт берип жатышат.

"Ата Журт" партиясынын облустагы өкүлү Апсамат Паязовдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, ушу тапта аянтта 7-8 миңдей адам чогулуп турат. Кичи автобустар менен да, жөө да топ-топ менен борборго чогулуп жаткан элдин агымы токтой элек. Облустук милициянын жетекчи орун басары Нурлан Төрөбековдун биздин кабарчыга айтымында, митингчилердин саны 2 миңдей адам. Ал эми көз каранды эмес байкоочулардын пикиринде, келгендердин саны 3 миңден ашат.

Мурда айтылгандай, оппозиция жаңы өкмөт куроо, конституциялык реформаларга шарт түзүү, 2010-жылдагы апрел-июн окуяларынын күнөөкөрлөрүн жазалоо талаптарын коюшат. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG