Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:52

Оппозициянын митингине Бишкек, Чүй, Көлдүн да өкүлдөрү катышып жатышат


Жалал-Абад облустук администрациянын алдында бүгүн өтө турган оппозициянын митингинде Бишкек, Чүй, Ысык-Көл деген жазуулар менен чыккандар да бар. Ошондой эле, кабарчыбыздын айтымында, Ош, Баткен облустарынын райондорунун аталыштарын жазып алып турушат.

Саат 11ге делген митинг азырынча баштала элек. Милициянын айтымында, чогулгандардын саны 2,5 миңдей киши, көз каранды эмес байкоочулар 5-6 миң киши чогулду деп жатышат. Ал эми митингчилердин билдиргенине караганда, аянтка келгендердин саны 9 миңге чамалап калды.

Мурда айтылгандай, оппозиция жаңы өкмөт куроо, конституциялык реформаларга шарт түзүү, 2010-жылдагы апрел-июн окуяларынын күнөөкөрлөрүн жазалоо талаптарын коюшат. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG