Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

Кыргызстанда "Оорусуз жашоо" акциясы башталды


Кыргызстанда "Оорусуз жашоо" маалымат компаниясы башталды. Максаты - айыккыс илдетке чалдыккан сыркоолор тууралуу кеңири маалымат таратуу, аларды ооруну басуучу дары-дармек менен камсыз кылууну жакшыртуу, моралдык, психологиялык колдоо көрсөтүү. Келечекте жашоо же өлүмдү тандоо укугун оорулуу адамдын өзүнө берүү маселесин талкуулоо да каралган.

Айыккыс ооруга чалдыгып кыйноого кабылгандарга өз эрки менен бул дүйнөдөн кетүүсүнө уруксат берип, ошого шарт түзгөн учурлар дүйнөлүк тажрыйбада бар. Бирок кеңири тараган эмес. Ал эвтаназия деп аталат. Ага уруксат Белгия, Люксембург, Нидерланд, Швейцарияда жана АКШнын айрым штаттарында гана берилген.

Расмий маалыматтар боюнча, учурда Кыргызстанда рак, кургак учук, ВИЧ жана башка айыккыс илдеттин айынан катуу ооруган төрт миңдей адам бар. Ооруну басуучу морфийди алыш өтө кыйын экени айтылып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG