Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:19

Оппозиция талаптарынын аткарылышына он күндүк мөөнөт берди


Жалал-Абадда оппозиция уюштурган тынч митинг аяктады. 11 жарымда башталган нааразылык акция экиден өткөндө бүттү. Анда айтылган талаптардын аткарылышына бийликке 21-апрелге чейин убакыт берилди. Талаптар аткарылмайынча бул сыяктуу акциялар улана берээри айтылды.

Оппозиция азыркы өкмөт кетип, анын ордуна чыныгы кесипкөй өкмөттүн келишин, Кыргызстан президенттик-парламенттик башкарууга өтүшүн, 2010-жылдын апрел-июн окуяларынын күнөөкөрлөрү жазаланышын талап кылышты. "Эгер президент өкмөттү кетире албаса, президенттин өзүнүн кызматтан кетүүсүн талап кылганга мажбур болобуз" деген кайрылуу кабыл алып, кыргызстандыктарга жолдошту.

Митингчилердин айтымында, бүгүн 30 миңдей киши чогулду, алардын арасында Жалал-Абаддын гана эмес, республиканын баардык облустарынын, Ош жана Бишкек шаарларынын өкүлдөрү болду.

Облустук милициянын бөлүм башчысы Ибрагим Шатманалиев митингге 5 миңдей киши катышканын "Азаттыкка" айтты.

Ал эми көз каранды эмес байкоочулардын айтымында, оппозициянын бүгүнкү митинги 7-8 миңдей кишини чогултту.

Митингге оппозиция лидерлери - "Ата-Журт" партиясынын башчысы Камчыбек Ташиев, парламенттин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков, депутат Садыр Жапаров, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын башчысы Адахан Мадумаров, "Ар-Намыс" партиясынан Бөдөш Мамырова, Жалал-Абаддын мурдагы губернатору, коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков катышканы айтылууда. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG