Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:29

Кофи Аннандын планы күчүнө кирди, бирок Сирияда зомбулук токтотула элек


Хомстун көпчүлүк району бир жылдан ашуун убакыттан берки аткылоодон катуу жабыркаган
Хомстун көпчүлүк району бир жылдан ашуун убакыттан берки аткылоодон катуу жабыркаган
Бириккен улуттар уюмунун чабарманы Кофи Аннандын Сириядагы кан төгүүлөрдү токтотуп, тынчтыкты орнотуу планы бүгүндөн тарта күчүнө киргени менен, азыр зомбулук улантылып жатканы тууралуу кабарлар түшүп жатат. Активисттердин айтымында, өкмөттүк аскерлер бүгүн да оппозициянын очогу саналган Хама жана Хомс шаарларынын айрым райондорун аткылашты. Бир күн мурда өлкө боюнча 150 адам окко учканы, алардын көбү жайкын тургундар экени кабарланган.

Кечээ Түркия менен чек арада атышуу болуп, эки адам өлүп, бир нече киши жаракат алган болчу. Түрк премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган Сирия “чек арасын бузду” деп айыптады. Сириянын аскерлери Түркия менен эле эмес, Ливан менен да чек араны бузуп, ал жакта бир журналистти өлтүрүшкөнү айтылды.

Бириккен улуттар уюмунун мурдагы баш катчысы Кофи Аннан азыр ушул уюмдун жана Арап лигасынын Сирия боюнча атайын чабарманы катары арачылык кылып, эки тарапты тең атышуулардан баш тартууга чакырууда. Анын тынчтык планына ылайык, бүгүндөн тарта президент Башар ал-Асад өзүнүн аскерлерин атышуулар жүрүп жаткан шаарлардан чыгара башташы керек.

XS
SM
MD
LG