Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:04

Кийинки айда 11% көбөйтүлгөн пенсия бериле баштайт


1-майдан тарта Кыргызстанда көбөйтүлгөн пенсия бериле баштайт. Бул тууралуу Социалдык фонддун жетекчиси Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн өкмөттө өткөн жыйында айтты. Көбөйтүлгөн пенсияны толук берип туруш үчүн ай сайын кошумча 200 миллион сом талап кылынат.

Май айында пенсия 11 пайызга көбөйөөрүн өкмөт эки ай мурда жарыялаган болчу.

Учурда пенсиянын бир айлык орточо өлчөмү 3690 сом, ал эми бир айда күнүмдүк жашоого керектелүүчү акчанын эң азы 4180 сом деп айтылууда. Өкмөт бул эки көрсөткүчтү теңдөө талабын коюп жатат. 11 пайызга көбөйсө пенсиянын орточосу 392 сомго өсөт. (RK)

XS
SM
MD
LG