Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:49

Норвегияда былтыр 77 адамды кырган Андерс Брейвик акыл-эси жайында деп табылды


Бул - Брейвикке жүргүзүлгөн жаңы психологиялык текшерүүдөн кийинки чыгарылган жыйынтык. Бүгүн жарыяланган жыйынтыкка ылайык, Брейвик акыл-эси толугу менен жайында жана өзүнүн аракеттерине жооп бере алат.

Бул тыянак мындан мурдараак өткөрүлгөн текшерүүнүн натыйжасына каршы келет. Эми ал күнөөлүү деп табылса, түрмөгө отургузулмакчы.

33 жаштагы норвегиялык Андрес Брейвик былтыр июлда жардырууда жана аткылоодо 77 адамды өлтүргөнүн мойнуна алган, бирок муну кылмыш эмес деп билээрин айткан. Анын ишениминде, азыр Европада исламга каршы жарандык согуш жүрүп жаткандыктан бул өңдүү чабуул зарыл болчу. Азыр анын иши сотто терроризм чабуулу катары каралууда.

XS
SM
MD
LG