Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:03

Түркмөнстан “Кызыл чырым” комитетине түрмөнү көрүүгө уруксат берди


“Кызыл чырым” эл аралык комитетинин Ташкендеги өкүлү Айгүл Халайленин айтымында, уюмдун атынан делегация өткөн аптада жаштардын абак жайын көрүп, “адамдар кандай шартта жашап жатышканына күбө болду”. Халайле комитеттин өкүлдөрү былтыр Түркмөнстандагы түрмөдөгү ооруканада болушканын да айтты.

Анткен менен бул жолугушууларда делегация абакта жаткандар менен жекеме-жеке сүйлөшө алышкан эмес. Расмий Ашгабад түрмөлөрдө адамдар мүмкүн болгон сандан ашып кеткени, ал жайларга көз карандысыз байкоочуларды киргизбегени жана кыйноолор кеңири жайылгандыгы үчүн сынга алынып келет.

Өкмөт түрмөдө жаткандарга такай мунапыс жарыялап турат жана жакында эле жаза мөөнөтүн эң узак 25 жылдан 15 жылга кыскарткан болчу.

XS
SM
MD
LG