Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

Түштүк Кореяда парламенттик шайлоо өтүп жатат


Байкоочулар бул шайлоону декабрда өтчү президенттик шайлоодо кимдин мүмкүнчүлүгү көбүрөөк экенин аныктоочу өнөктүк катары баалап жатышат. Түштүк Кореяда добуш берүүгө 40 миллион шайлоочу катышат. Башкаруучу “Сэнури” консервативдик партиясы парламенттеги көпчүлүк орунун сактап калууга катуу аракеттенүүдө. Шайлоо алдындагы сурамжылоолорго караганда консерваторлор менен солчул центристтик Бириккен демократиялык партиясынын мүмкүнчүлүгү бирдей болууда. Оппозиция шайлоо өнөктүгүндө декабрда кайра президент болгусу келип жаткан Ли Мен Баканы катуу сынга алууда.

Байкоочулар шайлоо кампаниясында тышкы саясаттын абалы жөнүндө сөз болбой эле, экономикалык жана социалдык саясат талапкерлердин башкы урааны болгонун айтышууда.

XS
SM
MD
LG