Адам укуктары боюнча «Бир Дүйнө Кыргызстан-2012» эл аралык фестивалына тасмаларды кабыл алуу башталды. Бул тууралуу фестивалдын Кыргызстандагы уюштуруучусу “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борбору билдирүүдө. Быйылкы фестивалда адаттагыдай эле адам жана жарандык укук, балдар, аялдар укугу боюнча маселелерге көңүл бурулат. Ошондой эле коомдогу коррупция, мигранттардын, аз элдердин, абактагылардын жана жакыр адамдардын укуктары да негизги темалардын катарына кирет. Алтынчы жолу өтүп жаткан фестивал жалпы адам укугуна байланыштуу маселелерди тасма аркылуу көрсөтүп, чечүүнү көздөйт. (KKs)