Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Кыргызстанга үнөмдүү машиналардын келишине шарт түзүлүүдө


Чет өлкөдөн Кыргызстанга алынып келинген гибрид кыймылдаткычтуу машиналар үчүн бажы төлөмдү 50 пайызга кыскартуу сунушталууда. Бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев атайын токтом долбоорун даядап чыкты. Эл өкүлү гибриддүү автоунаалар үнөмдүү да, айлана-чөйрөгө залакасы да азыраак келээрин айтууда. Токтом кабыл алынып, гибриддүү машиналардын өлкөгө кириши жеңилдесе, Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү жана айлана-чөйрөгө анчейин олуттуу таасир тийгизбеген машиналар көбөйөт. Бул демилге кечээ Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде колдоо тапты. Гибрид кыймылдаткычтуу автоунаалар бензинди аз талап кылат жана көпчүлүк учурда аккумулятордун күчү менен жүрөт. (KKs)

XS
SM
MD
LG