Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

ЖК: Пирматов боюнча чечимибиз мыйзамдуу


Жогорку Кеңеш депутат Пирматов боюнча токтомун кабыл алып жатканда мыйзам бузган эмес, баардык укук-ченемдик талаптар сакталган. Парламенттин маалымат кызматы бүгүн ушундай билдирүү таратты. Анда Пирматовду калкалап калуу аракетинде анын кесиптештери мыйзам бузууга барган деп айтылып жаткан сөздөр негизсиз экени айтылат.

28-мартта Кыргызстандын парламентиндеги 91 депутат "Республика" фракциясынан депутат Исхак Пирматовду кылмыш жообуна тартуу үчүн анын кол тийбестигин алуу боюнча Баш прокуратуранын сунушуна макул болбой койгон. Пирматовго карата кылмыш ишин ачуу мыйзам бузуулар менен коштолгону, аны жоопко тартууга негиз жок экени айтылган.

Прокурорлор Пирматов 2008-2010-жылдары Жалал-Абаддагы "Кыргызмунайгаз" ишканасын жетектеп турганда мамлекетке экономикалык жактан зыян келтирген деп эсептешет. Депутат өзү күнөөсү жок экенин айтууда.

Кыргызстандагы Укук коргоочулар кеңеши Жогорку Кеңешти депутат Исхак Пирматовду кылмыш жообуна тартууга уруксатын бербей койгону үчүн айыптап чыккан. Депутаттардын бул кадамы алардын "конституциялык укуктарынан ашыкча пайдалануу, көзөмөлчү да, тергөөчү да, сот да болгусу келгендик" катары бааланган.(RK)

XS
SM
MD
LG