Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:08

Кадамжайда өрт кырсыгында бир адам каза тапты


Баткен облусунун Кадамжай районунда өрт кырсыгында бир адамдын өмүрү кыйылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, Кадамжай айылынын Заводская көчөсүндө жайгашкан №6 үйдүн тургуну 42 жаштагы Гаврил Емельянов мерт болду. Алдын ала маалымат боюнча, кырсык чыккан учурда ал мас болчу. Өрт тамекинин чогунан тутанган.

Кыргызстандын аймагында быйылкы жылдын январ-феврал айларында 336 өрт кырсыгы катталып, андан 13 адам каза тапты. Жалпысынан бул кырсыктар адамдарды 21 млн.789 миң 834 сомдук материалдык зыянга учуратты. Мерт кеткендердин бешөө өспүрүмдөр. Ошондой эле өрт кырсыктарынан 28 адамдын өмүрү куткарылып калган. (RK)

XS
SM
MD
LG