Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:06

Нарында суу каптаган айылдар тазаланып жатат


Нарын облусунун айрым райондорунда эриген кардын суусу каптаган айылдарды тазалоо боюнча иш уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, суу каптап кетиши мүмкүн болгон жерлерде тиешелүү кызматтар күнү-түнү көзөмөл жүргүзүп жатышат.

Күн жылый баштагандан бери Нарын шаарында, Ат-Башы районунун Кара-Суу, Ак-Жар, Баш-Кайыңды, Болшевик, Терек-Суу, Ат-Башы айылдарында, Ак-Талаа районунун Баетов, Ак-Тал, Кызыл-Белес, Тоголок-Молдо, Байгөнчөк, Ак-Чий айылдарында, Жумгал районунун Чаек айылында, Нарын районунун Жан-Булак, Миң-Булак, Жерге-Тал, Эмгек-Талаа, Ак-Кудук, Учкун, 8-Март, Сары-Ой, Достук, Казан-Куйган, Он-Арча, Дөбөлү, Эмгекчил, Орток айылдарында айрым көчөлөрдү суу каптаган. (RK)

XS
SM
MD
LG