Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Бишкек - Токио аба каттамын ачуу жөнүндө сөз болду


Карганбек Самаков жана Набукихо Суто. Токио, 9.04.2012
Карганбек Самаков жана Набукихо Суто. Токио, 9.04.2012
Жогорку Кенештин депутаты, кыргыз-жапон депутаттар достук тобунун жетекчиси Карганбек Самаков баштаган бир катар депутат учурда Жапонияда иш сапар менен жүрөт. Самаковдун кеңешчиси Рысбай Курмановдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Жапония парламентинин өкүлдөр палатасынын спикери Такатиро Ёокомити, Жапониянын Кыргызстан менен кызматташуу достук лигасынын жетекчиси Набукихо Суто, Экономика, соода жана өнөр жай министринин орун басары Сейшю Макино жана ишкерлер менен жолугушуулар өттү.

Набукихо Суто менен парламент аралык кызматташтыкты бекемдөө боюнча меморандумга кол коюлду.

Кайра иштетүү, туризм, энергетика, байланыш тармактары боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты колго алуу, инвестиция тартуу маселелери талкууланды.

Жапон фермерлери кыргыздар менен биргелешкен чарба түзүп, тажрыйба алмашып иштөөгө макулдук беришти.

Карганбек Самаков жапониялык кесиптеши Набухико Суто менен эки жылдан бери пландап келатышкан Бишкек – Токио аба каттамын ачуу ниетин дагы бир ирет бекемдешти. (RK)

XS
SM
MD
LG