Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Укук коргоочулар: 13 жаштагы бала мыйзамсыз камалып жатат


Вознесеновка айылындагы өспүрүмдөр колониясынын тергөө абагында 13 жаштагы бала камалып жатат. Мыйзам боюнча кылмыш жоопкерчилигине 14 жаштан жогорулар гана тартыла алат. Бул тууралуу "Эркиндик үнү" коомдук фонду билдирди. Баланын айтымында, аны милиционерлер сабап, көрсөтмөсүнө 20 жаштамын деп жаздырышкан, бирок ал өзү 13 жашта. Уурулук кылды деген шек менен кармалган бул бала ата-энеси жок, кароосуз өсүп келатканы айтылууда. Аны тергөө аяктаганча эки айга Вознесеновка абагына каматкан судья анын 13 жашта экенин тастыктаган расмий документ жок деп "Азаттыкка" билдирди. (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG