Бүгүн Индонезиянын Ачех провинциясында 8,7 баллга жеткен жер тербетүү болду. Сингапур, Таиланд, Малайзия жана Индияда да жер силкингени кабарланды. Индонезия Инди океанынын түндүгүндө толкун аралаш бороон-цунами болорун эскертти. Индия өкмөтү да бийиктиги алты метрге чейин жетип океан толкушу, өлкөнүн чыгыш жээгин суу капташы мүмкүн экенин эскертти.
2004-жылы жер титирөөдөн кийинки цунами Аче провинциясында 170 миң адамдын өмүрүн алган. Ошондо Инди океанына чыккан 13 өлкөдө 230 миңдей адам курман болгон.
2004-жылы жер титирөөдөн кийинки цунами Аче провинциясында 170 миң адамдын өмүрүн алган. Ошондо Инди океанына чыккан 13 өлкөдө 230 миңдей адам курман болгон.